Бүгүн, 9-майда Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Финалдык оюнда "Достук" (Ош) командасы менен "Сары-Өзөн" беттешти. Анда 3:1 эсебинде "Сары-Өзөн" жеңишке жетишти. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш аяктаган соң күйөрмандар майданга желим бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Бул алардын калыска болгон нааразычылыгынан улам келип чыкканы айтылды.
Микрофонду алган алып баруучу Асылбек Өзүбеков аларды сынга алып, маданияттуу болууга чакырды.