Чаткал, Ала-Бука аймактарын тейлеген Аксы райондук аймактык ооруканасына жаңы ысым ыйгарылды

Аксы райондук аймактык ооруканасына Аскар Кутмановдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Алтын Кутманов SUPER.KG порталына билдирди.

"Көп жылдык эмгек тажрыйбасын эске алып, дарыгердин ысымын ыйгардык. Бул үй-бүлө ооруканага жаңы "Тез жардам" унаасын белек кылды. Ага чейин аталган оорукана эски "Тез жардам" унаасын колдонуп келген. Мындан ары ооруканага ысымы коюлган Кутмановдордун үй-бүлөсү дагы да материалдык жардам берип турары айтылды", - дейт Алтын Кутманов.

Аскар Кутманов өмүр бою саламаттыкты сактоо жаатында дарыгерлик кызматты аркалаган. Ал жүздөгөн кооптуу операцияларды жасаган эл аралык тажрыйбалуу дарыгер болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_3
2016-05-10 10:01:23
Кудай буйруса өзүмүн жериме эле барып иштейм :)
0
aksy-beka
2016-05-10 10:49:58
Оо жакшы жакшы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан