Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы майрамдалгандан кийин Бишкектин "Жеңиш" аянтынан 30 куб метр таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Майрамдык иш-чаралар аяктагандан кийин ишкана жумушчулары "Жеңиш" аянтын жана борбордук көчөлөрдү тазалоого киришкен. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 25 жумушчусу жана 5 атайын техника тартылган.
Белгилей кетсек, 9-майда Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын катарында "Өчпөс полк" жөө жүрүшү да бар.