Эл аралык музей күнүнө карата 14-майдан 15-майга караган түнү Бишкекте "Музейдеги түн" акциясы өтөт. Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейи бул күнү саат 20:00дөн 02:00гө чейин көрүүчүлөр үчүн эшигин ачат. Кирүү акысыз. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда жылдыздардын коштоосунда интерактивдүү экскурсия, атактуу сүрөтчүлөрдөн арт-класстар, мастер-класстар, шоу программа, "Манас" эпосун айтуу, улуттук оюндар жана түрдүү сынактар пландалган.
Кошумчалай кетсек, мындай акция дүйнөнүн 40тан ашык мамлекетинде өткөрүлөт. Жалпысынан 2000дей музей түнкүсүн эшигин ачат.