"Медиа-портал" бөлүмүндөгү эл оозунда айтылып калган эки жаштын сүйүүсү чагылдырылган клиптердин бири - Токтобек Асаналиевдин "Боогачың сенин болоюн" ырынын клиби. Анда таасирлүү, кайгылуу cүйүү таржымалы баяндалат. Ырдын клиби учурунда хит болуп, ырчыга бир топ популярдуулук алып келген. Клип тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Бул ырдын сөзү Акбар Рыскуловго, обону Калмурат Рыскуловго таандык. Ат-Башыда Боогачы деген белгилүү бий болгон. Совет мезгили учурунда кулакка тартылып, сүргүнгө айдалып кеткен. Боогачы менен Үкөй аттуу сулуунун ортосундагы сүйүү жөнүндө аңыз кептер эл оозунда айтылып калган. Акбар байкенин айтымына караганда, Ат-Башы жергесине барып Боогачыга таазим болсун деп ушул ырды жазган экен. Ал эми клиптин идеясы өзүмө таандык. Болгону эл оозунда айтылып калган эки жаштын бири-бирине жете албай калган армандуу сүйүүсүн клип аркылуу бергенге аракет кылганбыз. Анда "Учур" театрынын жигиттери ойногон. Учурдан пайдаланып жигиттерге, клипти тарткан топко ыраазычылыгымды айта кетейин, себеби жааган жаанга, аба ырайынын ысык-суугуна карабай иштеп жатышты. Ал учурда ыр, клип мынчалык популярдуу болот деп ойлогон эмеспиз. Эл биздин чыгарманы жылуу кабыл алды. Ушул учурга чейин актуалдуулугун жогото элек. Менин визиттик карточкам десем болот".
Токтобек Асаналиевдин "Боогачың сенин болоюн" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.