Эртең, 11-майда ажылык сапарына бара тургандарды каттоо иши аяктайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Учурда каттоо иши Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында өткөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 34 каттоо пункту иштеп жатат. Ажыга баруучу жарандар эртең, 11-майга чейин ажылык сапарына баруу үчүн каттоодон өтүшү керек. 11-майда өлкөнүн бардык аймагындагы каттоо пункттарында каттоо иши аяктайт", - дейт басма сөз кызматы.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча ажылык сапарына барууга 3553 жаран катталган.