SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Адеби жок айдоочулар" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен жумуштан үйгө Жаш Гвардия бульвары менен кетип баратканда жол тыгынына кабылып туруп калам. Ошол учурда кээ бир чыдабаган айдоочулар тротуар менен айдап кетчү болушту, ошол эле жерде окуучулар ойноп жүрүшөт. Жол коопсуздук кызматы эмнени карап жатканын билбейм. Жакшынакай жол турат, ошол жол менен гана айдагылачы, сураныч".
"Сураныч" деген сөз аларга грамм дагы таасир этпейт! Ошол эл басчу жолго өтө албагыдай кылып бир нерсе орнотсо гана кичине таасир этиши мүмкүн".
"Кыргыз жеринде айдоочулар жөө жүргөндөрдү сыйлашпайт, бирок антейин десең жөө жүргөндөр дагы аман бололу. "Айдоочу жолдун жөө жүрүүчү өтө турган бөлүгүндө жол бериши керек" дегенди үйрөнүп алышып, ой, бир нервге тийишет дейсиң. Бат-бат басып өтүп кетсе болот да. Бир керилип шашпай басышат".
"Азыр жөө жүргөндөрдүн эмес, машиналардын көзү бар, машина келатса эч качпайт. Жөө жүрүүчүлөр чоң жолдо көп жүрсө, айдоочулар айла жок тротуарга салып жүрсө керек да".
"Бишкектеги тыгында турсаң, машинаны таштап, жөө эле кетип калгың келет го. Жөө барсаң эртерээк барасың".
"Ошто бир аз жол бошотуу деген нерсе жогураак. Бир жерге токтоп, кайра чыкканда тура бересиң да кашайып, жол бошотоюн дебейт эч ким. "Өтүп кетейинчи" деп фараңды күйгүзсөң көрмөксөнгө салып коюшат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.