Сокулуктагы таштандынын курчоосунда калган Тынчтык жаңы конушу

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Тынчтык жаңы конушунда жайгашкан таштанды таштоочу жай мыйзам бузуулар менен иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, таштанды жайында экологиялык нормалар сакталган эмес. Жугуштуу оорулардын жугуу коркунучу да жогору. Ошондой эле таштанды бир топ жерге чейин жайылып кеткендиктен, шаардан чыккан саркынды суу өтүүчү каналды бөгөп жашоочулардын короосуна чейин кире баштаган. Полигондун айланасы да курчоого алынган эмес. Катуу шамал жүргөндө таштанды жайындагы калдыктар жакын жайгашкан айылдарга жайылып, жергиликтүүлөргө ыңгайсыздыктарды жаратып келет.

Мамтехинспекциянын басма сөз кызматынын айтымында, жергиликтүү бийлик органдарына таштанды жайындагы экологиялык терс кесепеттерди жоюу боюнча бир ай мурун эскертмелер берилген.

"Биздин мекеме айыл өкмөткө бир нече жолу кат жолдоп, талаптарды койгон, бирок жергиликтүү бийлик бүгүнкү күнгө чейин жооп бере элек. Эми аталган аймакта экологиялык нормалар сакталбаган үчүн мыйзам чегинде айыл өкмөттү сотко беребиз", - дейт Анара Мамбеталиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidowi
2016-05-10 14:57:41
Таштандыны таштаганынарга да бийлик куноолуу.)))
+2
mts0001
2016-05-10 23:31:10
Aidowi, Бакиев десен
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан