Бишкек мэриясы дарактын кулаганынан кооптонуп, унаа ээлерин автоунааларды дарактын түбүнө токтотпоого чакырды

Бишкек мэриясы катуу жаап жаткан жамгырдан улам дарактардын кулай турганынан кооптонуу бар экенин белгилеп, шаар тургундарын автоунааларын дарактан алыс токтотууга чакырды.

Мэриядан кабарлашкандай, мэрия шаар тургундарынан кооптуу дарактар болсо кабарлап коюуну суранат. Шаар тургундары төмөнкү номурларга WhatsApp аркылуу сүрөт жиберип, даректи билдире алышат:

- Мирлан Азимбаев (Ленин району боюнча) - (0556) 25-05-82;
- Таалайбек Акматбаев (Октябрь району боюнча) - (0777) 55-22-11;
- Руслан Шарапов (Биринчи Май району боюнча) - (0558) 33-66-40;
- Сагынбек Шакитов (Свердлов району боюнча) - (0773) 56-73-70.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө "Жашылдандыруу" ишканасынын балансында 182 842 дарак, 38 907 ийне жалбырактуу дарак бар. Алардын "орточо жашы" 50нү түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан