"Кинозал" бөлүмүндөгү кызыктуу кыска метраждуу тасмалардын бири - "Сырга". Тасма 2001-жылы тартылган, режиссёру - Темир Бирназаров. Анда актёр-актрисалар Үсөйүн уулу Улан, Анастасия Колесникова, Курманбүбү Кыдырова роль жаратышкан. Башкы каарман кичинекей баланын образын жараткан Үсөйүн уулу Улан тасмадагы кызыктар тууралуу буларга токтолду:
"Темир Бирназаров кастинг өткөрүп, 80дей баланын арасынан мени тандап алган. Бала кезде актёрдук чеберчилигим жакшы болгон экен. Режиссёрдун айткандарын оңой аткарып жаткам. Азыр антип ойной алмак эмесмин. Сынактын негизинде тартылган тасма план боюнча 15 күн тартылмак, бирок 8 күндө тартылып бүткөн. Андагы ата-энемдин ролун өз ата-энем ойношкон. Тасмада ыйлаган жерим бар, ошол учурда чындап ыйлагам, себеби апам катуу чымчып алган эле. Анан тартылбайм деп качып кеткен учурларым да болгон. Тартуучу топ мени алдап, жакшы ойноп беришим үчүн сагыз берчү. Тасмага тартылгандан кийин көп жылдар өтсө да "сен ошондогу актрисаны сүйөсүң" деп тамашалап айтып жүрүштү. Ооба, аны жакшы көрчүмүн, себеби мага мээрим менен, жакшы мамиле жасачу. Аны менен өткөн жылы интернет аркылуу байланышкам, азыр байланышым жок".
Жайлоо. Кичинекей бала чет өлкөдөн жайлоого эс алганы келген өзүнөн улуу кызды жактырып калат. Баланы уялуу, кызгануу сезимдери уйгу-туйгу кылат. Акыры ал бала апасынын келинине бере турган сөйкөсүн ал кызга белекке берет...
"Сырга" тасмасын бул жерден көрүӊүз.