SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сологойлуктун жашоодогу ыңгайсыздыктары" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Сологой эмесмин, бирок сологойлорду сологой эместерден акылдуураак келишет деп уккам".
"Мен үчүн негизги минусу - тамак-ашты сол кол менен жейм, ырым-жырымдарга таянсак, тамакты оң кол менен жеш керек. Сол жагымдагы катарлаш отурган адамга тоскоол болом".
"Жазганым эле оң кол, калганын сол кол кылат. Кайчы, араа сыяктуу шаймандарды иштеткенде ыңгайсыздык жаратат. Мени оң кол менен тамак жегенге уруп жүрүп дагы үйрөтө албай коюшкан".
"Сологойлорду акыл жөндөмдүүлүгү жогору болот дешет, математикага жакыныраак келишет экен. Артист, искусство адамдары да көбүнчө сологой болушат деп уккам. Дүйнөдө 15 пайыз адамдар сологой болушат экен, көбүнчө эркектер".
"Сологой адамдарды өзгөчө адамдар деп айтып коюшат экен. Психологдор "аларды кайрадан оң колго үйрөтүүнүн кажети жок, анткени алардын нормалдуу өсүшүнө жана психикасына доо кетет" дешет. Сологойлор аналитикалык, логикалык жана абстракттуу ой жүгүртүүгө жөндөмдүү келишип, чыгармачылыкка жакын, тамашаны жакшы түшүнгөн адамдар болушат экен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.