"Евровидение-2016" Эл аралык сынагынын финалына Азербайжан, Орусия, Нидерланды жана 7 өлкөнүн ырчылары чыгышты (видео)

Кечээ, 10-майда Швециянын Стокгольм шаарында "Евровидение-2016" Эл аралык ырлар сынагынын биринчи жарым финалы болуп өттү. Сынактын жыйынтыгында 18 өлкөдөн келген катышуучулардын арасынан Азербайжан, Орусия, Голландия, Венгрия, Хорватия, Австрия, Армения, Чехия, Кипр жана Мальта өлкөлөрүнөн келген ырчылар финалга өтүштү. Ал эми Финляндия, Греция, Молдова, Сан-Марино, Эстония, Черногория, Исландия, Босния жана Герцеговинадан келген катышуучулар финалга өтө алышкан эмес. 12-майда сынактын экинчи жарым финалы орун алат. Финал 14-майда болот.

Ал эми Ошто төрөлгөн Жамала Украина өлкөсүнүн атынан жана сынакта Беларусь мамлекетинин атынан энеден туума жылаңач чыкмай болгон Ivan (Александр Иванов) экинчи жарым финалда ырдашат.

Сынактын финалына өткөн 10 катышуучу жана алардын аткара турган ырлары:

1. Семра Рагимли – "Miracle" (Азербайжан)

2. Сергей Лазарев – "You are the only one" (Орусия)

3. Дауэ Боб – "Slow down" (Голландия)

4. Freddie – "Pioneer" (Венгрия)

5. Нина Кральич – "Lighthouse" (Хорватия)

6. ZОЁ (Зои Штрауб) – "Loin d'ici" (Австрия)

7. Ивета Мукучян – "Love wave" (Армения)

8. Габриэла Гунчикова – "I stand" (Чехия)

9. "Minus One" тобу – "Alter ego" (Кипр)

10. Ира Лоско – "Walk on water" (Мальта)

Евровидение 2016. Жарым финал. Freddie - Pioneer (Венгрия)
Евровидение 2016. Жарым финал. Габриэла Гунчикова - I Stand (Чехия)
Евровидение 2016. Жарым финал. Ира Лоско - Walk On Water (Мальта)
Евровидение 2016. Жарым финал. Ивета Мукучян - Love Wave (Армения)
Евровидение 2016. Жарым финал. "Minus One" тобу - Alter Ego (Кипр)
Евровидение 2016. Жарым финал. Семра Рагимли- Miracle (Азербайжан)
Евровидение 2016. Жарым финал. ZOË (Зои Штрауб) - Loin Dici (Австрия)
Евровидение 2016. Жарым финал. Сергей Лазарев - You Are The Only One (Орусия)
Евровидение 2016. Жарым финал. Дауэ Боб - Slow Down (Нидерланды)
Евровидение 2016. Жарым финал. Нина Кральич- Lighthouse (Хорватия)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bazarkyl
2016-05-11 11:59:38
менин интернетим жакшы эмеспи, видеолорунар ачпай атат. Мурун ачып көрүп жатчым эле.
0
Brutality
2016-05-11 12:08:43
bazarkyl,
интернет слабый болсо керек, менде корунду баары
0
admin_portal
2016-05-11 12:20:38
bazarkyl, саламатсызбы!
Кайсы өлкөдөн жана кайсы браузер менен киресиз? Мага купуя менен жазып койсоңуз.
0
ekaterinburg
2016-05-11 12:40:48
Орусияныкы укмуш болуптур менимче.Класс!
+3
tursunbaev78
2016-05-11 13:11:04
Нидерландия эмес жөн эле Нидерланд болот же Голландия
+3
begai93
2016-05-11 13:16:49
Ии биз жактада интернет тормоз ((( ушу Кыргызстан качан онугот болду экен!
0
jemile
2016-05-11 13:52:28
Баягы "Жылаңач карышкырчан" өтпөптүрбү?
0
Rasul_Rahmanaliev
2016-05-11 13:58:23
Орустардыкы укмуш!!Лазарев алга!
+1
Palan4a
2016-05-11 15:02:14
Кипр&орусия сонун чыгышты!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан