12-майда Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борбору Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсү дарегиндеги клиникалык төрөт үйүнүн базасында Энелер күнүнө карата "Эне болуу - ыйык милдет" аттуу майрамдык акция өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага тиешелүү министрликтин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эстрада жылдыздары катышат. Анын алкагында 10-12-майда Ачык эшик күнү өтүп, аялдар медициналык кароодон акысыз өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.