Токтогул районунда азайып бараткан түргө кирген өсүмдүктөрдүн тамырларын казып, коммерциялык негизде иш алып баргандар аныкталды

8-майда Токтогул районунун Торкен айыл аймагынын Чоң-Дөбө, Туздуу-Суу, Караган-Жайык жайлоолорунда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан рейд уюштурулган. Жүргүзүлгөн рейддин негизинде Торкен айылынын ондогон тургундары тарабынан аталган жайлоолордо азайып бараткан түргө кирген сасык матал (лук афлатунский) өсүмдүгүнүн тамырларын өз алдынча казып, коммерциялык негизде иш алып баргандары аныкталган.

Аталган инспекциядан кабарлашкандай, инспекторлор тарабынан жарандарга белгиленбеген убакта, дары чөптөр гүлдөп баштаган учурда бул эндемикалык өсүмдүктөрдү талкалоону токтотуу талаптары коюлуп, мыйзам талаптарын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми бул эндемикалык өсүмдүктүн тамырын коммерциялык максатта чогултуп жаткан Т.Эшимова аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын 03.05.2013-жылдагы №224-токтомунда көрсөтүлгөн таксалар боюнча белгиленбеген, уруксатсыз аймактардан казып чогулткан 85 килограмм сасык маталга 3800 сом өлчөмдө келтирилген зыянга доо коюлуп, административдик чара көрүлдү.

Кыргыз Республикасынын 03.06.2001-жылдагы №53-“Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана аны сарамжалдуу пайдалануу жөнүндөгү” мыйзамынын 6, 33-беренелеринде өсүмдүктөрдү мыйзамсыз казууга тыюу салынат, ал эми укук-ченем актыларынын эрежелерин сактабаган жарандарга келтирилген зыяндардын ордун толтуруу көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан