Быйыл 7 же андан ашык баланы тарбиялаган 1902 энеге Баатыр эне ордени тапшырылат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Республиканын көп балалуу энелерин Баатыр эне ордени менен сыйлоо жөнүндө” жана “Республиканын көп балалуу энелерин Эне даңкы медалы менен сыйлоо жөнүндө” жарлыктарга кол койду.

Президенттик аппараттан бүгүн, 11-майда кабарлашкандай, жарлыктардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1902 эне Баатыр эне ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 437 эне Эне даңкы медалы менен сыйланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kokboru
2016-05-11 10:38:24
Бул ордендин пайдасы бар бекен? Супер инфо жазып койгулачы.Же жөн эле баатыр эне деген эле наамбы? Бир нерселерге больницага же дагы бир мекемелерге көргөзсө бекер болобу кызматтары? Толук жазып кетиңиз
+1
adi.sumi
2016-05-11 10:50:13
мен да сурайын дегем ушул эле суроолорду. Анан пенсиясына да 1000с кошулат дегенин уккам ал канчада кошулат. Медалдарын алгандан кийинби?же тапшыргандан кийин элеби?
0
abusait
2016-05-11 10:55:14
Энелерди данктап эске алып урматтап коюуу эле аларды кубандырат. Калган материалдык нерселер экинчи учунчу орунда турат. Энелер акча алуу учун торобойтда.
0
altyshka_23
2016-05-11 11:14:09
Бир аз шартарын женилдетип койсо болот эле.Менин апам эки жолу документ жонотсо экоосундода кайтып келген.
0
Aitpaaim
2016-05-11 11:14:13
Беш баладан устуно берилиш керек коп балалуу энелерди пенсяга эрте чыгарып балдарына пособиени которолу туугандар бирок только Кыргыздарга
+4
aikokul14
2016-05-11 12:52:26
Aitpaaim,мен дагы ошону айтайын деген элем,беш бала деле коп уй-булоолордо жок,азыр бир,экини эле торошот.
+2
Alixan-Nookat.2015
2016-05-11 15:02:03
Кыргыздар коп торосом кантип багам 2 уул 2 кыз болсо дешет ал эми кыргызстандагы озбек улутундагылар коп торогонго аракет кылышат экен.
0
azizaziz
2016-05-11 23:17:27
Баатыр энелер кобойсун урматтап сыйлап алалы омурубуз откончо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан