"Медиа-портал" бөлүмү Чолпонай жана элге жаңыдан таанылып келаткан ырчы Асконун аткаруусундагы "Чыгыш жомогу" ырына тартылган жаңы, кызыктуу клип менен толукталды. Ар дайым кайталанма клиптерден айырмаланган, заманбап стилдеги чыгармаларды жаратып келген режиссёр Эрнест Үмөталиев бул ирет да өзгөчө клип тарткан. Ал клип тууралуу мындай дейт:
"Алгач ырдын жаралуу тарыхына токтолсок. Бул ырды Чолпонай экөөбүз рэпер жигиттер Баястан, Бегишке былтыр күзүндө өткөн "Заманбап" концертине белек болсун деп жаздырганбыз. Кийин "ЖинМэн" тасмасынын режиссёрлору "Биздин тасмага ылайык ыр болуптур, фильмдин көркүн ачат экен. Андыктан саундтреги болсун" деп сунуштап калышты. Ошентип, фильмдин тартуучу тобуна жардамдаштык, "Чыгыш жомогу" ыры тасмада саундтрек катары жаңырды. Андан көп өтпөй ырга клип тарта баштадык. Кээ бир кадрларды "ЖинМэн" тасмасынан, калганын башка жактан тарттык. Клипке жаңычылдык, өзгөчөлүк киргизгенге аракеттендик. Жыйынтыгы жакшы болду деп үмүт кылабыз.
Кызыгы, клипке ылайыктуу кызыл унааны табуу кыйынга турду, себеби Бишкекте андай машина бирөө эле экен. Аны тапкандан кийин да тоодогу клипти тартуучу жерге алып чыгып, түшүргөн оор болду. Аны атайын унаага жүктөп, этияттап ташып жүрдүк. Негизги көйгөйлөр ушулар болду. Чыгармачылыкта клип тартып көнүп калгангабы, калган жумуштарын бат эле бүтүрүп жаттык".
Аско менен Чолпонайдын аткаруусундагы "Чыгыш жомогу" ырына тартылган клипти бул жерден көрүңүз.