"Уулумду ак жеринен 14 жылга камап салды" деген эне сотторго нааразы болуп, ачкачылык жарыялады

Бүгүн, 11-майда Ак үйдүн алдына Мырзайым Токобаева жана Гүлсүн Турсуналиева нааразычылык акциясына чыгышты. Мырзайым Токобаева SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди: "Уулумду ак жеринен 2014-жылы январда 14 жылга камап салышкан. Анысы аз келгенсип, абакта уулум токмоктолуп жатат. Мыйзамды одоно бузган Жаңыл Мамбеталиеваны жоопко тартууну талап кылабыз". Алар 10-майда ачкачылык жарыялашкан.

Маалыматка таянсак, Нуркемел Искендеров №47-абактын башчысынын орун басарына кол салууга шектелген. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2015-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Райондук соттун чечимин шаардык сот да күчүндө калтырган.

"Уулумду ак жеринен 14 жылга камап салды" деген аял ачкачылык жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baktybek90
2016-05-11 13:03:17
акча турганда акыйкаттык жок окшойт
+2
MIRAN
2016-05-11 14:45:05
Ким кылмыш кылса жазасын алыш керек да.Адамдарды олтуруп камалгандардын ата-энеси да ачкачылыкка чыга берсинда.Жазасын алыш керек
0
konfetka.medik
2016-05-11 19:11:04
kara kol saldy dep 14jylga kesken,a bir becharaga kol salsa 14 jylga emes 14kungo da kamawpait
+1
uluk92kg
2016-05-12 14:46:19
карга карганын козун чукубайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан