Новосибирск шаарынан келген геолог Инна Сафонова башында турган эл аралык окумуштуулар тобу Тянь-Шань тоолорунан байыркы океандын аралдарынын калдыктарын табышты. Окумуштуулар табылган байыркы аралды жаратылышы боюнча Гавайи аралдарына окшош болгон деп эсептешет. Бул тууралуу Новосибирск мамлекеттик университетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, океандын аралдарынын калдыктарынын курагы 415 миллион жылдан 360 миллион жылга чейинки аралыкты түзөт.
"Биз Түштүк Тянь-Шань тоо кыркаларынан океандын аралдарынын калдыктарын таптык. Алардын курагын аныктап, Девон дооруна таандык экенин билдик. Тактап айтканда, 55 миллион жыл мурда океан болгон", - деп айтылат геолог Инна Сафонованын маалыматында.