Кыргыз жери "GoogleMaps" картадан көрсөтүү системине киргизилген дүйнөдөгү 77-мамлекет, ал эми Орто Азиядан эң алгачкы мамлекет болду. Демек, мындан ары кыргыз жериндеги эң алдынкы туристтик аймактарга баруу жолдорун интернет аркылуу көрүүгө болот. Бул тууралуу "Google" компаниясынын мүчөсү Олег Якимчук казак басылмаларына билдирген.
“Биз кыргыз жеринин эң алдынкы, кооз жерлеринин виртуалдык картасын түзүп, Google издөө сайтына жайгаштырдык. Мындан ары туристтерби же жөнөкөй жашоочуларбы, үйдөн чыкпай эле туристтик объектилерди көрүп, кайсы жол аркылуу кайда барарын же кайда тамактанса болорун көрө алышат. Бул коноктор үчүн жакшы шарт, көп жеңилдиктерди жаратары анык. Туристтер кыргыз жерин 3D-формат сүрөт аркылуу карап, саякат каттамын түзө алышат”, - деп айтылат Олег Якимчуктун маалыматында.