“Барселона” футболдук клубунун жана Испания курамасынын жарым коргоочусу Андрес Иньеста бүгүн, 11-майда 32 жашка толду. Футболчу 1984-жылы Испаниянын Альбасете провинциясында туулган.
Испаниянын эң көп чемпиондукту камыздаган футболчуларынын бири. Ал 2008, 2012-жылдары Испаниянын курамында Европа чемпиону, 2010-жылы Дүйнө чемпиону аталган. “Барселонанын” курамында УЕФАнын ЧЛсын 4 ирет (2006, 2009, 2011, 2015), Испаниянын чемпиондугун 7 ирет (2005, 2006, 2009, 2010, 2011, 2013, 2015) жеңген.