SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө “Бир кезде элге жайылган "Клон" телесериалынын каармандары азыр” аттуу видео жүктөлдү (ник: Gupa).
"Клон" телесериалы 2000-жылдары бүткүл дүйнөдө популярдуу болгон. Анда биринчи жолу дүйнөлүк кинематографиянын тарыхында ислам динине чоң маани берилген. Ошондой эле адамдын көчүрмөсүн жасоо (клондоо), баңгизатынан көз каранды болуу көйгөйлөрү менен кошо түбөлүктүү тема - сүйүүгө кенен орун берилген. Сериалдын экранга чыкканына 15 жылдай болсо да, тасма эл эсинен кете элек.
Видеодон телесериалдагы каармандарды убакыт кандай өзгөрткөнүн байкоого болот. Кичинекей сүйкүмдүү каармандар керилген сулууга айланышса, кээ бири мурунку келишимдүүлүгүн жоготкон. Ал эми башкалары үчүн убакыт токтоп калгандай...
Видеону көрүү үчүн шилтеме.