Индияда 70 жаштагы аял биринчи жолу эне статусуна ээ болду

Индиянын Харьяна штатынын 70 жаштагы жашоочусу биринчи жолу эне статусуна ээ болду. Далжиндер Каур ушул жылдын апрель айында тун баласын жарыкка алып келген. Бирок бул тууралуу маалымат чет элдик маалымат каражаттарына эми гана билинген. Жашы улгайган аял 2 жыл бою жасалма бойго бүтүрүү боюнча окуудан өткөн соң (медицинада экстракорпоралдык уруктандыруу деп аталат) боюна бүткөн. Аялдын Каур аттуу 79 жаштагы жолдошу - баланын биологиялык атасы.

Индиялык аял дарыланган оорукананын ээси Далжиндер Каурдун эне болуу мүмкүнчүлүгү жок деп ойлогон. Бирок аялдын ден соолугунун анализдери бала көтөрүүгө жөндөмдүү деп чыккан.

Дарыгерлердин айтымына караганда, бала 2 килограмм салмакта төрөлүп, азыр ден соолугу жакшы. Алгачкы жолу эне болгон Каур журналисттерге жолдошу менен бирге жашаганына 46 жыл болуп, балалуу боло албай келишкенин, учурда бактылуу эне жашоодогу тилеги орундалганын, баланы багууда жолдошу жардам берип жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Shaa-82
2016-05-11 17:26:04
Ме сага жанылык эле керекпи. Аллах берем десе ушинтип карыганда Жетимишбайды берип коет экенда. Омуру узун болсун эми!
+17
nurik11-29
2016-05-11 17:34:37
Shaa-82,ошо дааа чал дадил окшойт))
-1
Rifle_3
2016-05-11 22:35:57
nurik11-29,ЭКО менен төрөдү деп жатат.
+4
DNurgiza
2016-05-11 17:33:35
46жыл умутун узбой келишкен го....суйуунун керемети деген ушу да.....бешик боосу бек болсун!
+12
baska
2016-05-11 17:55:13
Тобаааааа толготкондо канти экен эне байкуш
+4
nargis
2016-05-11 21:39:12
Ошон учун эс тарткандан олгонго чейин жакшы тилек ой менен жашаш керек ,бешик боосу бек болсун.
+2
simone
2016-05-11 22:27:54
Индийская любовь -деген чын экен,эми ишендим)))
+4
Rifle_3
2016-05-11 22:37:28
ЭКО менен төрөлгөн наристелер генетикалык денгээлде тукумсуз болот экен деп жатат. Бул маалымат боюнча ким эмнени билет ?
Себеби ата энеси балалуу боло албай, ушул ыкма менен болушкан үчүн балдары тукумсуз болушу мүмкүн деп ойлойм.
-1
incognito1
2016-05-11 23:41:15
Rifle_3, андай болушу мумкун эмес. Менин чон-атамдын карындашы балалуу болбой, Узбекстанда ЭКО жасатып 40-45 жашында кыздуу болгон. Тилекке каршы, кызы 19-20 жашында тороп, баласынын 40кы чыга электе, врачтардын шалакылыгынан каза болуп калган. Баласы азыр 24-25те эки балалуу болду.
+3
Nasi1981
2016-05-12 07:50:49
Rifle_3, Билбегенден кийин мындай такталбаган, катын ушакка окшогон нерселерди жазбасанар Эконун жардамы менен дал сага окшогон атасынын уругунан апасынын энелигинен жасалат, инкубатордо ондурулуп, эненин жатынына салынат. Эн таза жол. Алматыда эко 1995жылы ачылган, ошол жылы пайда болгон балдар азыр жыйырмага чыгышты. Асты балалуу болгонго жетишти. Баардыгы Аллахтын аммири менен албетте. Экону Аллахым балалуу болбой жургондорго, балалуу болушка себепкер кылып койгон.
+3
tabyshmak
2016-05-12 14:43:41
Эми эмнеси болсо да жаныдан дуйного келген наристе учун энесинин ден-соолугу бекем, омуру узун болсун ылайым...

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан