“Тарых жана маданият” жылына карата КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган “Театрлар таймашы” бул жолу Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрында өтүүдө. 10-май күнү болгон таймашта М.Рыскулов атындагы Нарын академиялык драма театры менен Кочкор драма театры беттешти.
Анда төмөндөгү чыгармалар көрсөтүлдү:
- М.Карим, "Ай тутулган түндө"
- А.Чекиров, "Байзак баатыр"
- Э.Турсунов, "Баш мээси менен"
Жыйынтыгында Кочкор драма театры жеңишке жетишти.