"Быйыл Нарын облусунда 20 мектептин курулушу жүргүзүлөт" дейт облус башчы Аманбай Кайыпов

10-майда Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Жар орто мектебинин базасында социалдык объектилердин курулушу боюнча семинар өттү. Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, анын биринчи орун басары Касен Асизов, райондук мамлекеттик администрация башчылары, Нарын шаарынын мэри, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы, райондук архитектура кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, курулушу жүрүп жаткан социалдык объектилердин жетекчилери жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, семинарды демилгелеп алып барган облус башчы Аманбай Кайыпов мамлекет тарабынан облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан иштерге токтолуп, социалдык объектилерди куруп жаткан курулуш ишканаларын жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

"Быйыл облус боюнча 39 объектинин курулушу жүрөт. Анын ичинен 20сы мектеп. Балдардын билим алуусуна жана мугалимдердин ишине ыңгайлуу шарт түзүп берүү - негизги максатыбыз. Бул мектептин имаратына баарыңарды чогултуп жаткан себебибиз, ачылышына катышпай калгандар жана көрө электер бар. Жакындан таанышып, сапатын көрүп, колдон келсе мындан дагы сапаттуу кылып, курулушуна көңүл бурушуңарды каалайм", - деди облус башчы.

Катышуучулар курулушу бүтүп, пайдаланууга берилген Ак-Жар орто мектебинин шарттары менен таанышкан соң семинар суроо-жооп иретинде улантылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан