Бүгүн, 12-майда Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, саат 09:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын Абдраев, Месарош, Шиш-Төбө, Турусбеков, Бурулдайская, Талды-Суу көчөлөрүндө, Чүй кең көчөсүндө, Чугуевский, Талды-Суу тар көчөсүндө, Аламүдүн-1 кичи районундагы №34-42, Киев көчөсүндөгү №112-көп кабаттуу үйдө, Көк-Жар (Санжыра, Ой-Терскен, Көк-Жар, Тоң, Көнөрчөк көчөсүндө), Бакай-Ата (Кыргыз-Чал, Зулайка, Сейтек көчөлөрүндө), Арча-Бешик (Кара-Кужур, Баба-Ата, Шербет, Шералиев көчөлөрүндө) конуштарында, Чоң-Арык кыштагында №1411-көмөк чордонунан тараган 0,4 кВт аба электр чубалгылары өзүн изоляциялаган зымдарды колдонуу менен реконструкцияланат. “МРЗ” көмөк чордонунан жана №1554-көмөк чордонунан тараган 0,4 кВт аба электр чубалгыларын, №238, 3089, 762, 909,1999, 2896-көмөк чордонун жана үй ичиндеги тармактарды оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле саат 09:00дөн 18:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-5 (Ленин, Береговая көчөлөрүндө) Кайырма, Пригородное (Новая, Марат, 8-Март, Лесная, Островский көчөлөрүндө), Гроздь (борбору), Төмөнкү Ала-Арча (Новая, Короткая, Коллекторная, Киргизская, Украинская, Тихая көчөлөрүндө) айылдарында; Сокулук районуна караштуу Новопавловка (Деповская көчөсүндө, Тынчтык конушунда), Жаңы-Жер, Восточное, Сокулук (Фрунзе, 60 лет Киргизии, 40 лет Победы, Степная, Белинский, Калинин, Полярная, Садовая, Новооктябрьская, Свобода, Мельничная, Советская көчөлөрүндө) айылдарында, Западный кыштагында, Москва районуна караштуу Төмөн-Суу айылында, Широкое капчыгайында, Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу (Түлөбердиев, Каралаев көчөлөрүндө), Тогуз-Булак (Школьная, Бокомбаев көчөлөрүндө), Ичке-Суу (Алыбаев көчөсү), Таш-Башат (Горная көчөсү), Горная Серафимовка (Межинский көчөсү), Үч-Эмчек (Кыпчак көчөсү), Нооруз (Жакишев көчөсү), Новопокровка (түзөтүү абагы) айылдарында ГЭС-6, “Майская”, “Бирлик”, “Карагачевая”, “Күн-Туу”, “Жаңы-Жер”, "Төмөн-Суу", “Нооруз” көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгылары оңдолот. “Александровка”, “Ысык-Ата” көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.