Өлкөдө миңден ашуун имам билим деңгээлин жогорулатуу боюнча семинарга катышты

Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу семинарына 1866 имам катышты. Бул тууралуу Дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имамдарга мечит иштери, коомдук маселелер, хадис, кеп маданияты, ислам тарыхы, куран жана техника колдонуу ыкмалары сыяктуу бир топ темалардын алкагында сабактар өтүлдү. Семинарга активдүү катышкан имамдарга атайын сертификаттар тапшырылды.

Айта кетсек, буга чейин Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынан миңден ашуун имам билим деңгээлин жогорулатуу максатында окууга катышкан. Бүгүнкү күндө Талас облусунан 110 имам Жалал-Абад шаарында билим алууда. Окуу иштери 10-майда башталып, айрым облустарда ушул күнгө чейин уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан