SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мурунку сүйүүлөрдөн калган эстеликтер сакталганбы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Менде баары сакталуу. Мамалактар менен иним ойнойт. Сувенир, кружка жана башка белектер үйдө калган. Турмушка чыгарда калтырып келгем. Ал эми сүрөттөр жок, таарынышканда шарт айрып салгам. Күйөөм берген белектерди тизип койгом".
"Ушул убакка чейин жигиттер менен кол кармашып жүргөн эмесмин, белек да алган эмесмин. Эстеликке калчу белек мындай турсун, жаныма жакындаган жигитим болгон эмес".
"Жолдошум менен көп жыл сүйлөшүп баш кошконбуз. Ошол маалда белекке берилген жумшак оюнчук менен кээде кичүү уулубуз ойноп калат".
"Мурда жолдорубуз эки башка болгондо эле аны эстетчү бардык нерсени түп-тамыры менен жок кылчумун. Азыр аны эстетчү жалгыз күрмө бар, көзүмө көрүнбөсүн деп кышкы кийимдер менен бирге чемоданга салып койгом. Билбейм неге дале аны жок кылбай жүрөм, балким, үмүттүн учугу үзүлбөй жүргөндүр".
"Мурдагы жигитимдин кичинесинде түшкөн сүрөтү бар, альбомумда кыстарылган, жолдошум аны ким деп да сурабайт".
"Эсимде калганы - роза гүл, азыр эшиктин алдында гүлдөгөнү калды. Сууга салынып тура берип сөңгөктөрүнөн өнүп чыккан, аны жерге отургузгам, 2 жылда гүлдөдү".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.