Кечээ, 11-майда Мырзайым Токобаева жана Гүлсүн Турсуналиева аттуу жарандар нааразычылык акциясына чыгып, ачкачылык жарыялашкан. Алар Нуркемел Искендеров менен Айткожо уулу Тимур ак жеринен камалып кетишкенин айтып чыгышкан. Жабырлануучулардын бири уулунун мыйзамсыз 14 жылга кесилип кеткенин айтып, Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталиеваны жоопко тартууну талап кылган. 2 айым бүгүн да ачкачылык акциясын улантып, Ак үйдүн алдында отурушат. Алар бийликтен жардам сурап жатышат.
Кошумчалай кетсек, Жогорку Соттун басма сөз кызматы ачкачылык жарыялаган аялдын маалыматын четке каккан. "Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2015-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү менен Нуркемел Искендеров күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратылган. “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” 2014-жылдын 27-январындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, белгиленген жазанын төрттөн бир бөлүгү кыскартылган. Жазасын күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөөсү белгиленип, жаза өтөө мөөнөтү 2014-жылдын 26-январынан баштап эсептелинген", - деп айтылат маалыматта.
Жогорку Сот Искендеровго карата өкүмдү судья Жаңыл Мамбеталиева чыгарбаганын да кошумчалаган.