Бүгүн, 12-майда Бишкектин четиндеги Керемет, Рухий-Мурас, Кырман жаңы конуштарынын тургундары Бишкек мэриясынын алдына митингге чыгышты. Алар жашаган жерлерине Кызыл китеп берүүнү талап кылышууда. Аларга Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарапов жолугуп, 17-майга чейин күтө турууну суранды. "Маселени кайра карап чыгып, үйлөрдүн документтерин териштирип, түрттүрүүнү токтотконго аракет кылам", - деди ал.
Кошумчалай кетсек, Керемет жаңы конушунун жашоочусу Айна Жумагулова: "Кечээ үйдү мыйзамсыз салынган деп түрттүргөнү келишиптир. Мэрия бизге айтпай эле Мыскал Кенжетаева дегендин жери деп чечим чыгарган. Учурда 16 үйдү түрттүрөбүз дешүүдө", - деген.