Бишкектин четиндеги Керемет, Рухий-Мурас, Кырман жаңы конуштарынын тургундары Бишкек мэриясынын алдына митингге чыгышты. Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарапов аларга жолугуп, маселе акимиат аркылуу чечилиши керек экенин айтты.
"Мэриянын алдына келгениңердин кажети жок. Мен чечип берем. Керемет жаңы конушу документ боюнча Достук кичи району болуп аталат. Жогорку Соттун чечими менен аталган жерде 7 турак үй сүрдүрүлүшү керек. Негизи, жер бөлүштүрүү башынан туура эмес болгон. Учурда ушул боюнча териштирип жатабыз", - деди ал.
Тургундар болсо бул жерлердин басылып алынбаганын, 2007-жылы жерлерди сатканда ишеним кат кошо беришкенин айтышууда. Жер Мыскал Кенжетаева аттуу аялдын атына жазылган. Алар бүгүнкү күнгө чейин Кызыл китеп алыша элек. 11-майда үйлөрдү түрттүрүү үчүн өкүлдөр барган соң гана тургундар мэрияга кайрылууну чечишкен.
Буга катар жашоочулар менен Бишкек шаардык мэриясынын Турак жай департаментинин директору Самарбек Болотбеков жолугуп, үйлөрдү түрттүрүү соттун чечими менен болгонун белгиледи.