Мектептерде Акыркы коңгуроо салтанаты 27-майда болот

Республиканын мектептеринде окуу жылынын аякташына байланыштуу 27-майда Акыркы коңгуроо салтанаты болот. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрлик салттуу болуп калган 25-майда белгиленген Акыркы коңгуроо быйыл мектептеги кышкы каникулдар узак болгондуктан, эки күн кийинкиге жылдырылганын эскертти.

27-майда салтанаттуу иш-чараны өткөрүү жөнүндө буйрукка билим жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
omka100514
2016-05-12 15:48:53
эми эки күндө эмне болмок эле, салтты бузбай 25-майда эле болсо болмок.Ошол эки күндү эч ким окубайт баары акыркы коңгуроого дайарданышып
+13
Мэри
2016-05-12 16:01:49
Жаккан жок, салтты бузганы ушулардын. Көпчүлүк үчүн 25-май өзгөчө күн болчу, ушуну да алып койгулары келип жатышабы эми... 2 жылдан бери, акырындан көндүрүп элди...
+11
veryme
2016-05-12 16:04:24
Башкасын кыйратып коюшкансып,
пландары толуп ашып кетмек беле ошол эки кундо тообо
+4
bekos2012
2016-05-12 16:14:21
Башка өлкөлөрдө 5 күндүк окушса деле жетишип, өнүгүп жатат, бизде чоңдор 5 күн иштешет, байкуш мектептин мугалимдери 6 күн иштешет, кыйраткансып дагы 2 күнгө узартышат окууну
+8
abusait
2016-05-12 17:11:20
Акча чогултмайлары да тажатып бутту. Билим министрине суроолор коп эле. Суроо жоопко чакырсаныздар болмок..
+1
Mirkgz-1990
2016-05-12 19:31:10
Опооо билим министири өтө эле билимдүү болуп кеткенго 2 күндө Кыргыстандын келечеги чечилгенсип эки кун менден силерге подарка деп деле койсо болмок
+4
Take_men
2016-05-12 22:36:35
25-май. Ураа!
0
tegenelik
2016-05-13 01:25:06
быйыл ошондо мен мектепти бутконумо 10 жыл 2 кун болгондо барып майрамдайт экенмин : ура
0
bolotbai4
2016-05-13 06:00:35
Кышкы каникул 2 кун эмес 15 кун ашык болду го.Анда биротоло акыркы конгуроону июнь айынын ортосуна кылбаптыр биротоло экзамен менен кошо эле бутуруп.Эми эки кундо ким билим алып жибермек эле,баягы салт боюнча 25-май деп конул ошо жакка бурулуп эч ким окубайт деле.Озу негизи май айынын биринен баштап окууга деген табит жоголот,ортодо майрамдар болуп жатып эле.Илим билим министри кийинки жылдан баштап 25-май акыркы конгуроо куну эле кылып койгулачы бай болгурлар десе.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан