SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз жерин таштап кете аласызбы?" деген тема талкууга алынды.
Темада автор "Айлык 50 000 рублдан жогору десе, мисалы, кыргыз жерин таштап кете аласызбы?" деген суроо салган.
Буга жазылган жооптордон:
"Биздин эң эле жүрөккө тиер темабыз ушул да. Мунун баары айла жоктон, кимдин эле өз эл, өз жеринде жашап, иштегиси келбесин? Жетпеген турмуш ушуга түртүп жатат. Мен турмуш шартка байланыштуу мекенимди таштасам да, дилимде, жүрөгүмдө таштай албайм, таштабайм!"
"Мен таштасам убактылуу таштамакмын, бутка тургандан кийин кайтып келмекмин".
"Мен эч качан абасы таза, кереметтүү кыргыз жеримди таштабайм. Канча жыл Орусияда иштедим, ал убакта Орусиянын жарандыгын алуу жеңил болчу, бирок алгым келген жок. Азыр Европада иштейм, жашоо шарт, баары жакшы болгону менен, Кыргыз Республикасына жетпейт".
"Мен кыргыз жеринен сыртка чыккан эмесмин жана өлкөбүздө эле ошол акчаны таап иштеп жатам".
"Илгери бир еврей айтыптыр: "Туулган жерим эмес, тойгон жерим - менин мекеним",- деп. Жакшы жашоону баары эле каалайт. Көбү кете берет болуш керек".
"Башка жакта жакшы шарттар болсо, Кудай деп таштап кетмекмин, түбөлүккө болсо деле. Үй-бүлөмдү да өзүм менен алып кетмекмин".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.