Борбор калаанын жалпы билим берүү мектептеринде Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-майда №46-жалпы билим берүү мектебинде жана 16-май күнү №93-орто мектебинде Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында Баатыр энелер, Ооган согушуна жана Баткен окуяларына катышкандардын энелери даңкталып, аларга майрамдык салтанат тартууланмакчы. Мындан тышкары жалпы билим берүү уюмдарында чыгармачылык жолугушуулар, класстык сааттар жана ардактуу коноктордун катышуусунда концерттер да өткөрүлмөкчү.
Айта кетсек, Энелер күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылдагы жарлыгы менен май айынын ар үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.