Өлкөдө бензиндин баасы 1 сомго кымбаттады. Бул тууралуу 13-майда Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясы маалымдады.
Күйүүчү май Орусиядагы мунай заводдорунда баанын жогорулашына байланыштуу көтөрүлгөн. 12-майдан тарта өлкөдө АИ-92, АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензин 1 сомго кымбаттады. Ал эми дизель майы кымбаттаган жок. Учурда Бишкек шаарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 35 сом, АИ-95 38 сом, АИ-98 43 сомдон сатылууда.
Ош шаарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 37 сом 50 тыйынга, АИ-95 40 сом 50 тыйынга бааланып жатат.