Ала-Бука районундагы Тарых музейин оңдоо иштерине 260 миң сом бөлүнүп берилди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Нурмолдо атындагы Тарых музейин оңдоп-түзөө иштерине 260 миң сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына музейдин жетекчиси Алибек Адылбеков билдирди.

"Райондук Нурмолдо атындагы Тарых музейинин абалын жакшыртуу максатында Ала-Бука районундагы Ала-Бука айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарынын сессиядагы чечиминин негизинде 260 миң сом каражат бөлүп берди. Жакынкы убакыт аралыгында оңдоо иштери башталмакчы. Учурда оңдоо иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялоого камданып жатабыз. Музей 2001-жылы ашар жолу менен ачылгандан бери эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлбөптүр. Бөлүнгөн акча музейдин абалын жакшыртууга чоң салым кошот", - дейт А.Адылбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан