Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагында акыркы 20 жылдан бери бир дагы социалдык курулуш курулган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Болот Төрөбеков билдирди.
"Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан 1400 кожолукта 7000 калк жашайт. Айылыбызга акыркы 20 жылдан бери мамлекет тарабынан бир дагы социалдык курулуштар курулган эмес. Айылыбызда балдар бакчасы жок, ошол себептен улам 400дөн ашуун наристе балдар бакчасына барбайт. Бала бакча курууга 70 сотук жер бөлүнүп берилген, бирок каражат маселесине байланыштуу ал иш жүзүнө ашырыла элек. Бул маселе менен район акимине кайрылганбыз, аким тийиштүү мекемелерге кайрылып жатат, бирок жылыш жок. Келечек муунубуз техникалык прогресстен артта калып жатат", - дейт Б.Төрөбеков.