Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы чыгарылып жаткан аскердик унааны кароо учурунда эшигин ача албай, ага жардамга келген генерал унаанын эшигинин туткасын сындырып алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, президент Сочи шаарында жаңы чыгарылып жаткан УАЗ Патриот аскердик унаасын карап жатып эшигин ачууга аракеттенип, бирок ача албай койгон. Орусиянын Коргоо министрлигинин генералы Путинге жардам бере калам деп жаңы унаанын туткасын сындырып алган. Буга күбө болгон өлкө башчысы унаанын башка эшигин ачып, ичин көрүп чыккан.
Унааны чыгарып жаткан кызматкерлер бул жагдайды унаанын кыймылдаткычынын күйүк эместигине байланыштырышкан. Алардын айтымында, кыймылдаткыч өчүк болгондуктан улам эшик бек болгон. "Аскердик унааларды кароо учурунда генерал Шевченко аталган унааларга ар түрдүү бекиткичтер колдонулуп, ал бекиткичтерди автоматтык пулемётторго да колдонуу мүмкүн экендигин билдирген", - деп айтылат маалыматта.