СУПЕРСТАН: "Кичинемде туулган күнүмдү аябай күтүп, бирок ал күнү сөзсүз ыйлачумун"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Туулган күн белгилейсизби?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен анча деле шаан-шөкөт менен белгилебейм. Кичинемде ата-энем үйдө эле торт, дасторкон жасап белгилеп коюшчу. Акыркы 3 жылдан бери бир курбум менен белгилейбиз, кафеге киребиз, анан сөзсүз муз тепкени барабыз".

"Мен туулган күнүмдү белгилегенди жаман көрөм, кызыксыз. Акыркы жолу 18 жашымда өзүмө кийим алып, шаар кыдырып, анан кафеге кирип буудай акшагынан жасалган ботко (манная каша) жеген элем, андан бери бир да тосо элекмин. Эч кимге айтпайм, кадимки күндөй өткөрүп жиберем".

"Мен туулган күнүмдү абдан жакшы көрөм. Туулган күн белгилеген жагат, анткени ар күнү туула да, ар күнү белек дагы ала бербейм да".

"Мен кичине кезимде күн санап күтчүмүн. Мектепте досторум "Пикник" деген печенье, шоколад белек кылышчу. Студент кезде да кыздар менен жакшы белгилейт элек. Акыркы 3-4 жылдан бери туулган күндү күтпөй калдым, жаштын саны көбөйгөн сайын кыжалат болуп".

"Кечээ туулган күнүм болчу, үйдө жалгыз өткөрдүм. Мындай жаман туулган күн биринчиси жана акыркысы болсо экен".

"Белгилеген жакпайт, себеби кичинекей кезимде туулган күнүмдү аябай күтүп, бирок ал күнү сөзсүз ыйлачумун. Азыр күтпөйм дагы, жөн эле үй жумуштары менен алектенем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tashi62
2016-05-13 15:29:07
Маанилүү эмес мен үчүн .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан