1-майдан тарта окумуштуулук даражасы (илимдин кандидаты, доктору) бар жогорку билимдүү мектеп мугалимдери академиялык магистр даражасындагы мугалимдерге бекитилген айлык акынын эсебинде маяна алышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектеп мугалимдеринин айлыгы иштеген саатына жана мугалимдин билим деңгээлине жараша (орто адистик билим, академиялык даражасы бар жогорку билим, адис (5 жыл окуу) же бакалавр, магистр) төлөнө баштайт.
"Биз мугалимдердин айлыгын 50 пайызга жана башталгыч класстардын мугалимдеринин айлыгын 80 пайызга жогорулаткан учурда "советтик диплому" (5 жылдык жогорку билим) бар жана окумуштуулук даражасы бар мугалимдер министрликке кайрылып алардын маянасын жогору коюу сунушун айтышты. Министрлик бул боюнча мыйзамды демилгелеп, өкмөт менен макулдашкандан кийин парламентке чыгарат. Азырынча өкмөттүк деңгээлде окумуштуулук даражасы бар мугалимдердин айлыгын жогорулатуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле 1-майдан тарта мектепке чейинки окуу жайдын логопед мугалимдеринин айлык акысы да 25 пайызга көбөйтүлдү", - деп айтылат маалыматта.