Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча адамдардын 80 пайызы кир аба менен дем алып жатканын аныктады. Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун расмий сайтында жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, экономикасы өнүкпөгөн өлкөлөрдө абанын 98 пайызы булганган. Ал эми дүйнө боюнча адамдардын 80 пайызы ыш жыттанган уулуу аба менен дем алууда. Аталган уюм 795 шаар жана 67 өлкөдө абанын курамын изилдөө боюнча бир катар иш-чараларды өткөргөн. Анын жыйынтыгында Жер бетиндеги абанын булганышы өткөн жылга салыштырмалуу 8 пайызга өскөнү белгилүү болгон. Мындай көрүнүш өнүгүп жаткан өлкөлөрдө да аныкталган. Ал эми Жер Ортолук деңизинин батыш тарабы менен Азиянын түштүк-чыгыш аймактарында абадагы ыш менен чаңдын көлөмү нормадан 5-10 эсеге көп болуп чыккан.