Өлкө аймагында жыл башынан бери 18 аял төрөттөн көз жумган. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашова билдирди.
"2015-жылдын алгачкы 4 ай аралыгында 21 аял төрөттөн көз жумса, жыл ичинде алардын саны 63кө жеткен. Ал эми 2016-жылы жыл башынан бери төрөттөн 18 аял каза болгон. Бул көрсөткүч профилактикалык түшүндүрүү иштеринин натыйжасында энелердин өлүмү азайды дегенди түшүндүрөт. Кош бойлуу энелер ден соолугуна кам көрбөгөнү алардын өлүмүнүн негизги себеби болууда. Болочок энелер дарыгерлерге өз учурунда кайрылбайт. Айрым учурларда саламаттыгына байланыштуу дарыгерлердин төрөгөнгө болбойт деп тыюу салганына карабастан кош бойлуу болууга аракет кылып, натыйжада жарык дүйнө менен кош айтышып кетишүүдө", - дейт Р.Асылбашова.