SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Биринчи эмгек акы алганда..." деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Биринчи айлыгымды 6-класста алгам. Ал кезде окуучуларды тамеки тиздирип, 1 килограмм тамеки тизсең 20 тыйын төлөчү. Чоң энеме көлөч, апама жоолук, атама калем сап алып бергем".
"Мен эң биринчи алган айлыгыма апама көйнөк сатып берип, калганына толтура момпосуй алгам".
"Мен биринчи алган айлыгыма үйгө бир жумалык азык-түлүк көтөрүп барсам атам аябай сүйүнгөн".
"Мен 750 сом алып, досума жана бир агама түшкү тамак алып бергем. Кайра-кайра "бул менин биринчи айлыгым" деп айта бергеним эсимде. Андан бери 5 жыл өттү, андан он эсе көп алсам да, баары бир эч нерсеге жетпейт, анда баарына жетчү".
"2008-жылы мектепте иштеп, бир айга 1500 сом айлык алганмын. Кайын энем "ата-энеңе бир нерсе алып бер" деп 1000 сом берген. Аны катып жүрсөм, бир күнү жолдошум "1000 сомуңду берип турчу, машинанын дөңгөлөгү жок болуп жатат" десе, боорум ооруп берип койгонмун. Ошентип, менин биринчи айлыгымдан ата-энеме эч нерсе алып бере алган эмесмин. Эң биринчи мээнетим менен тапкан айлыгым 1500 сом болгон".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.