SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Дарвиндин теориясын жоюп салууга кошуласызбы?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Адамдар маймылдан жаралса, анда неге азыркы маймылдар адам болуп кетишпейт? Канча шарт түзсөң деле оңолушпайт го, баары бир айбан да".
"Окуу программасынан сөзсүз алып салыш керек, бул акылга сыйбаган дарвинчилик - фантазия".
"Неге ашыкча? Билсек ашып кетпейт мээбиз, дарвинизм деген түшүнүк бар, кызыктуу эле ачылыш го. Мен Дарвинге кошулам, мисалы, теориясы чындыктай сезилет, баары этап менен жаралганы чындыкка жакындайт".
"Алгач бул маселени тактап алсак болчудай экен. Дарвин "адамдар маймылдан чыккан (жаралган)" дептирби же "адамдар алгач маймылдар сыяктуу күн кечирген жандыктар болгон, анан гана бара-бара адам болуп калыптана баштаган" дептирби?"
"Жакшылап карап көрсөк, дарвинизм теориясы боюнча адам түздөн-түз маймылдын кайсы бир породасынан келип чыккан. Демек, жаралган деген мааниде. Дагы бир дарвинизмдин тили боюнча, адам маймылдын аң-сезимдүү породасынан келип чыккан, бирок ал маймылдын түрлөрү биздин убакка жетпей кырылып жок болгон деп айтылат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.