Ош шаарында "Шериктеш мугалим" аталышындагы салттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда SUPER.KG порталына Ош педагогикалык институтунун мугалими Акылай Наркеева билдирди.
"Бул долбоор шаардагы Ак-Буура орто мектебинде экинчи ирет өтүп жатат. Буга чейин Уркуя Салиева атындагы мектепте өткөрүлгөн. Мындан ары шаардагы башка мектептерде да уюштурууну колго алып жатабыз. Студенттер 8-класстан 11-класска чейинки окуучуларга тарбиялык сааттарды жана өз адистиги боюнча программадагы сабактарды беришти. Бул иш-чаранын башкы максаты - студенттерди өз кесибине мыкты адис кылып даярдоо", - деп билдирди А.Наркеева.