Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде "Пирамида" телеканалынын 25 жылдыгын белгилөө салтанаты өттү. Иш-чарага телеканалдын жетекчилиги, эмгек жамааты, аларды куттуктап келген Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, ошондой эле атайын чакырылган коноктор катышты.
Кечени телеканалдын жетекчиси Нурзада Токтогулова ачып, андан кийинки сөздү телеканалда көп жылдан бери эмгектенип келген кызматкер Кымбат Калыкназарова улантты. Ал конокторго ыраазычылыгын билдирип: "Пирамида" телеканалынын алгачкы берүүсү 1991-жылы 30-декабрда эфирге чыккан. Учурда телеканалыбызга жаңы жетекчилик дайындалып, өнүгүү жолуна кадам шилтеди", - деди.
Телеканалдын эмгек жамаатын куттуктап келген КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева: "Пирамида" телеканалы 25 жылдан бери коомдун күзгүсү болуп келе жатат. Жетпеген элдин үнүн бийликке жеткирип, массалык маалымат каражаттарынын арасында ордун тапты", - деди.
Иш-чаранын алкагында телеканалдын 25 жылдыгын куттуктап келген эстрада жылдыздары да жагымдуу ырлары менен куттуктап, кеченин конокторуна өнөрлөрүн тартуулашты.