Дүйнө жүзүндөгү эң ири социалдык тармак болгон Facebook социалдык түйүнүнүн негиздөөчү, жетекчиси, программист Марк Цукерберг 1984-жылы 14-майда АКШнын Уайт Плейнз шаарында туулган.
Марк Цукерберг "Forbes" журналынын "Эң бай 400 адам" рейтингиндеги эң жаш байлардын бири. Ал 24 жашында эле 1,5 миллион АКШ долларын иштеп тапкан. Ал 2004-жылы Faсebook социалдык түйүнүн ойлоп тапкан. Алгач Гарварддын студенттери үчүн ачылган бул сайт бара-бара MySpasе`тeн кийинки эле орунга чыккан. Facebook сайты 15 миллиард доллар деп бааланса, компаниянын 27% акциясына ээлик кылган Марктын байлыгы 4 миллиард долларды түзгөн. Ал эми 2013-жылы кайра эле "Forbes" журналы изилдөө жүргүзүп, 19 миллиард АКШ доллары менен Марк Цукерберг алдынкы 20 бай адамдын катарына кирген.