Бүгүн, 14-майда Энелер күнүн майрамдоо алдында президент Алмазбек Атамбаев салтанаттуу аземдин жүрүшүндө өлкөнүн көп балалуу энелерин Баатыр эне ордени менен сыйлады.
Өз сөзүндө мамлекет башчы республиканын бардык облустарынан келген Баатыр энелерди быйыл өлкөдө 15-майда майрамдалуучу Энелер күнү менен куттуктады. Андан соң А.Атамбаев 18 энени Баатыр эне ордени, гүл жана баалуу белектер менен сыйлады. Алар:
1) Дилдекан Кунасова, 92 жашта, 8 баланын энеси.
2) Венера Сапарова, 37 жашта, 7 баланын энеси.
3) Разия Санжарова, 89 жашта, 7 баланын энеси.
4) Айнура Жумабаева, 34 жашта, 7 баланын энеси.
5) Турарбү Койчуева, 84 жашта, 9 баланын энеси.
6) Мира Канаева, 35 жашта, 8 баланын энеси.
7) Сүйүн Байбосунова, 84 жашта, 8 баланын энеси.
8) Роза Абдиева, 34 жашта, 7 баланын энеси.
9) Канай Абдрахманова, 83 жашта, 7 баланын энеси.
10) Абида Каримова, 92 жашта, 7 баланын энеси.
11) Гүлдана Кулмурзаева, 32 жашта, 7 баланын энеси.
12) Сулайман кызы Аида, 31 жашта, 7 баланын энеси.
13) Сүйүнбүбү Султанбаева, 90 жашта, 7 баланын энеси.
14) Самара Рахматуллдаева, 31 жашта, 7 баланын энеси.
15) Акылай Акмолдоева, 86 жашта, 7 баланын энеси.
16) Гүлмира Мурзабекова, 36 жашта, 7 баланын энеси.
17) Сүйдү Кыдырбаева, 97 жашта, 8 баланын энеси.
18) Рена Дүйшөмбиева, 32 жашта, 7 баланын энеси.
Мындан тышкары президент Кыргыз Республикасынын атын эл аралык аренада чыгарган инсандардын энелерин сыйлады. Алар:
1) Дамиракан Үмүткулова, Москвадагы метродо аялды куткарган Марат Исаевдин энеси.
2) Иноятхан Кочкарова, ФИФАнын судьясы Бахадыр Кочкаровдун энеси.
3) Элмира Кененсарова, "Азия Mix" КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаровдун энеси.
4) Бактыбүбү Өмүрзакова, "Атай продакшн" студиясынын негиздөөчүсү, бийчи Атай Өмүрзаковдун энеси.
5) Гүлпар Тыныбекова, балбан Айсулуу Тыныбекованын энеси.
6) Елена Шевченко, спортчу Валентина Шевченконун энеси.
Айта кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, жети жана андан көп балалуу 1902 эне Баатыр эне ордени менен, 6 балалуу 437 эне Эне даңкы ордени менен сыйланмакчы.