8 баланын энеси, 97 жаштагы Сүйдү апа: "Биринчи баламды 30 жашымдан кийин төрөгөм"

"Биринчи баламды 30 жашымдан кийин төрөгөм", - деди SUPER.KG порталына Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун тургуну, "Баатыр эне" наамынын ээси (8 баланын энеси), 97 жаштагы Сүйдү Кыдырбаева.

"1952-жылы турмушка чыгып, кеч төрөдүм. 8 баламдын үчөөсү эркек, бешөөсү кыз. 30 неберем, 40 чөбөрөм бар. Ардагер абышкам 90 жашында кайтыш болгон. Балдарымды эмгекти сүйүүгө үйрөтүп тарбиялагам: бирин аркама көтөрүп, экинчисин астыма көтөрүп орок оргом, апийим кыргам. Өзүм эмгекчил болгом, балдарым да мени тартып эмгекчил. Тоң районунда мен иштебеген иш калган жок. Согуш убагында Балыкчы-Быстровка темир жолунун курулушунда иштегем, Боом капчыгайындагы курулуштарга колум тийген. Балдарым аман-эсен, бала-чакалуу, небере-чөбөрө күтүп жатышат. Улуу кызым 64тө. Балдарымдын баары жогорку билимдүү", - деди Сүйдү апа.

8 баланын энеси, 97 жаштагы Сүйдү апа: "Биринчи баламды 30 жашымдан кийин төрөгөм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nargis
2016-05-14 16:53:25
Бизге да ала-таалам бактылуу каарылык насип этсин майрамыныздар менен баардык эне аталган айымдар баарыбыз балдарыбыздын жакшылыктарын королу.
+4
sagyn01
2016-05-14 16:56:05
Чет элде журуп, элин тууралу жакшы жанылык окусан кандай сонун
+3
Fatima1991
2016-05-14 17:08:03
Альхамдуллилах
+1
jasgul
2016-05-14 18:01:04
Уйлонуп эмес турмушка чыкса керек энекебиз. Сыйлыгыныз кут болсун
+3
Gulya21
2016-05-14 19:16:49
Менинда озумдун чон энем 10 баланын энеси 3 кыз,7 уулу бар 80ге чыгып калды бирок 70жаштай эле жаш корунот иштерди да келиндери мн кошо кылат омуру озун болсун
Баардык энелерди апаларды майрамы мн куттуктайм омурлору узун болсун балдарын бактына бар болушсун
+2
kama_future_millioner
2016-05-14 23:55:59
Бар болуңуз эне сиздей баатыр энелер көбөйө берсин
+1
Anara8668
2016-05-15 09:39:07
Мен отуз жаштамын турмушка чыга элекмин кээде балалуу болууну ойлосом кечиктим окшойт деп калалам .Эми аз да болсо духум которулду
0
Супер саяк
2016-05-15 13:05:13
Anara8668, Маанайынызды чогоруп, жигит тандабай турмушка чыгыныз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан