"Күйөөм бизди өзү багат", - деди SUPER.KG порталына Талас облусундагы Манас районунун тургуну, 7 баланын энеси, "Баатыр эне" наамынын ээси Самара Рахматуллдаева.
"17 жашымда турмушка чыккам. 7 баламдын төртөөсү эркек, үчөөсү кыз. Улуусу 12 жашта, кичүүсү 1 жашта. Чоң үйдө турабыз, баары жетиштүү. Күйөөм бизди өзү багат, өзүм үйдөмүн. Баланы төрөө эң жакшы нерсе экен, төрөгөн сайын баланын ысыгына тойбойт экенсиң. Кудай берип жатты, мен төрөп жаттым. Кудай берсе, дагы бала төрөөдөн баш тартпайм. Балдарым аман болсун, жашоодо өз ордуларын таап, чоң жумушта иштеп, эч кимден көз каранды болбой жашашсын деп каалайм", - деди С.Рахматуллдаева.