16-майга чейин аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүүсү күтүлөт.
Адам өмүрүнө зыян келтирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 11-майында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге билдирүүлөр жөнөтүлдү.